Акыл майдан

21.04.2026, 09:41
1

Баткен облусунда акыл таймашына арналган “Акыл майдан” интеллектуалдык мелдеши жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чарага өлкөнүн түштүк аймагынан үч облус — Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунун мыкты командалары катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин, ой жүгүртүү жөндөмүн жана тапкычтыгын көрсөтүштү. Таймаш учурунда катышуучулар ар түрдүү суроолорго жооп берип, логикалык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн сынашты. Мелдеш достук маанайда өтүп, жаштардын ынтымагын бекемдеп, билимге болгон кызыгуусун арттырган маанилүү иш-чара болду.