Көрүүсү начарлар үчүн версия
Лого

Бирлик айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин расмий веб-сайты

Башкы
Айыл өкмөтү
  • Кызматкерлер
  • Документтер
    • Айыл өкмөттүн буйруктары
  • Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү
  • Муниципалдык кызматтар
Айылдык кеңеш
  • Кеңештин аппараты
  • Депутаттар
    • Ыйман нуру фракциясы
    • Альянс фракциясы
  • Айылдык кеңештин токтомдору
Бөлүмдөр
  • Вакансиялар
  • Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
  • Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Фотогалерея
  • Коллектив
Жаңылыктар Инфографика Көп берилүүчү суроолор Интернет-кабылдама

Жаңылыктар лентасы

01.06.2026
6
Майрамдык куттуктоо
23.05.2026
14
Кыялымдагы Кыргызстан Долбоору
14.05.2026
11
Облус башчысы Бирлик айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп, актуалдуу маселелерди жеринде чечти
26.04.2026
43
Бирлик айыл өкмөтүнүн балансында турган Жаңы-Коргон логистикалык борборун ижарага берүү боюнча ачык конкурс жарыялайт
21.04.2026
10
Акыл майдан
22.03.2026
13
Нооруз майрамы
12.03.2026
43
"Маркумду узатуу жана сөгүн жайга коюу иши жөнүндө"
02.03.2026
18
коррупцияга каршы курөшүү
Башкы / Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү

Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү

 

Бирлик  айыл аймагы

     Кыргыз Республикасынын Баткен областына караштуу Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтү 1996- жылдын 10-майында  түзүлгөн.

 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” ПЖ №370 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде, Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынан Кичи-Айдаркен жана Аэропорт участкалары Айдаркен шаарына кошулган. Баткен облусунун юстиция башкармалыгынан 2024-жылдын 5-апрелинде юридикалык жак катарында каттоодон Бирлик  айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп кайра түзүлгөн.

Бирлик айыл аймагы Кадамжай районунун батыш жагынан орун алып, деңиз дэнгээлинен 1600-2050метр бийиктикте жайгашкан. Түштүк тарабынан Өзбөк Республикасынын Сох району менен чектешип, чек аранын узундугу 45 км түзөт. Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынан 975км, Баткен облусунун борбору  Баткен шаарынан 55 км алыстыкта жайгашкан.    Кышы суук, январдагы орточо температура тегиздикте жана тоо этектеринде -25градуска чейин, ал эми тоолуу жерлерде -30 градус. Июль айындагы орточо температура +25 градуска чейин жетет. Жайы салкын жана мелүүн.

Бирлик  айыл аймагынын жалпы аянты- 40890 га аянтты түзөт.

Бирлик  айыл аймагында жайланышкан калктуу конуштардын аталышы:

Ормош айылы, Сур айылы, Сырт айылы, Моло айылы,  Чечме айылы, Бел айылы, Жаңы-Коргон айылы,  Жал айылы, Эшме айылы, Тескей айылы, Жаңы-Сырт, Ынтымак айылы

КАЛКЫНЫН САНЫ

Кожолук- 2548, калктын саны - 13520, эркектер-6812, аялдар- 6708.

СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРИ

Билим берүү тармагы: орто мектептер-6, 1-толук эмес орто мектеп, балдар бакчасы-1

Маданият тармагы:  стадион-1, спорт зал-4, китепкана-1

Саламаттыкты сактоо тармагы УБДТ-1, ФАП- 4   .

Дин тармагы: мечит-17   

ИШКАНАЛАР

“Айкөк” кооперативи, “Баймат-Жаңы-Коргон” кооперативи. Ормош айылындагы логистикалык борбор.

АЙЫЛ ЧАРБА ТАРМАГЫ

Ири мүйүздүү малдар-4730, майда малдар-10010, канаттуулар-10700,   жылкылар-230

Жалпы  айдоо жер аянты -2931га  сугат-2081га.  кайрак-850га.

 

Мамлекеттик фонддун жерлери:

Жалпы (га)

Сугат айдоо (га)

Кайрак айдоо (га)

Бак-дарак (га)

Чөп чабынды (га)

Кысыр аңыз (га)

915

166

94

6

 

649

 

БЮДЖЕТ

Аталышы

2021-ж. факт(миң сом)

2022-ж. факт(миң сом)

2023-ж. факт(миң сом)

2024-ж. 

факт

(миң сом)

Өздүк киреше

7977,7

10804,6

9990,4

12213,0

Республикалык бюджет

6838.9

8946,4

9873,0

9104,0

Жалпы бюджет

14816,6

19751,0

19863,4

21317,0

 

 

 

 

<
>

✖

Лого

Бирлик айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин расмий веб-сайты

Контактылар

Кадамжай району, Ормош айылы
0778 260924
birlikajylkenesi@gmail.com

Социалдык тармактар

Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат Купуялуулук саясаты Сайттын картасы Көп берилүүчү суроолор
copyrights © 2023 All rights reserved