Бирлик айыл өкмөтүнүн балансында турган Жаңы-Коргон логистикалык борборун ижарага берүү боюнча ачык конкурс жарыялайт

26.04.2026
43

 

ЖАРЫЯ
   Бирлик айыл өкмөтүнүн балансында турган Жаңы-Коргон логистикалык борборун ижарага берүү боюнча ачык конкурс жарыяланат.
Конкурстун максаты
Жаңы-Коргон логистикалык борборун натыйжалуу пайдалануу, айыл чарба жана соода логистикасын өнүктүрүү максатында объектти конкурстук негизде ижарага берүү.
1. Ижарага берилүүчү объект жөнүндө маалымат
• Объекттин аталышы: Жаңы-Коргон логистикалык борбору 
• Жайгашкан жери: Бирлик айыл өкмөтү, Жаңы-Коргон айылы. 
• Колдонуу багыты: логистика, кампа, айыл чарба продукцияларын сактоо жана тейлөө 
• Ижара мөөнөтү: 5-жылга чейин 
2. Конкурска катышуучуларга коюлуучу талаптар
   Конкурска Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеке жана юридикалык жактар катыша алышат.
Катышуучулар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1. Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн болушу; 
2. Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча мөөнөтү өткөн карызы болбоого тийиш; 
3. Банкроттук же жоюлуу процессинде болбоого тийиш; 
4. Муниципалдык мүлктү максаттуу пайдалануу боюнча так бизнес-план сунуштоого; 
5. Объектти техникалык, санитардык жана өрт коопсуздугу талаптарына ылайык пайдаланууга; 
6. Объектти үчүнчү жактарга субижарага бербөөгө (ижара берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугусуз); 
7. Муниципалдык мүлктүн сакталышын камсыз кылууга жана келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга; 
8. Ижара акысын өз мөөнөтүндө төлөөгө; 
9. Объектти пайдаланууда экологиялык, архитектуралык жана санитардык нормаларды сактоого; 
10. Жергиликтүү калкты жумуш орун менен камсыз кылуу боюнча артыкчылык берилет. 
3. Конкурска тапшырылуучу документтер
• Конкурска катышуу жөнүндө арыз; 
• Юридикалык жак үчүн — мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү; 
• Жеке жак үчүн — паспорт көчүрмөсү; 
• Салык карызы жок экендиги тууралуу маалымкат; 
• Бизнес-план жана инвестициялык сунуш; 
• Ижара акысынын сунушталган өлчөмү; 
• Байланыш реквизиттери; 
• Ишеним кат (өкүл аркылуу катышса). 
4. Конкурсту өткөрүү тартиби
• Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: “24” май 2026-жыл, саат 12:00 чейин; 
• Документтерди кабыл алуу дареги: Бирлик айыл өкмөтүнүн имаараты 
• Конкурсту өткөрүү күнү: “25”  май  2026-жыл; 
• Конкурстук сунуштар комиссия тарабынан ачык жана тең атаандаштык шартында каралат. 
5. Жеңүүчүнү аныктоо критерийлери
• Ижара акысынын көлөмү; 
• Сунушталган бизнес-долбоордун натыйжалуулугу; 
• Инвестициянын көлөмү; 
• Жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү; 
• Объектти натыйжалуу пайдалануу планы. 
6. Кошумча шарттар
• Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү менен ижара келишими түзүлөт; 
• Ижара келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталат; 
Кошумча маалымат алуу үчүн:
Тел.: 0553 86 87 37