Бирлик айыл аймагында 120орундуу “Чабалекей-Сырт”аттуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылышы аземи болуп өттү.Ачылыш аземине Баткен обласундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков,Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу,жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.