#САЛАМ_САГА_САНЖЫРАЛУУ_НООРУЗУМ!!!
Бирлик айыл аймагында НООРУЗ майрамына карата салтанаттуу иш чара айылдар аралык конкурс түрүндө болуп өттү.Иш чарада улуттук маданиятыбызды данктаган кол өнөрчүлүк жана тамак аш көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле айыл өкмөтүндө "Нооруз" майрамына карата аялдар жана эркектер арасында волейбол боюнча мелдештер болду. Бул майрамдык иш-чарага айыл тургундары активдүү катышып, спортту сүйгөндөр арасында кызыктуу оюндар болуп өттү. Иш чаранын жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, алар айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Мындай иш-чаралар айылдын биримдигин, активдүүлүгүн жана ден-соолукка кам көрүүнү да арттырат. Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетекчилиги бардык катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү куттуктап ыраазычылыгын билдирди .