Кыргыз Республикасынын Президентинин “15-март Кыргыз Республикасында жыл сайын
майрамдалуучу Аталар күнү деп белгиленсин “-деген жарлыгынын алкагында. Бирлик
айыл өкмөтүнүн демөөрчүлүгү жана маданият кызматкери, китепканачы жана соц.адистин демилгеси менен иш чара болуп өттү.Иш чарага Бирлик айыл аймагындагы эл керегине жараган уул , кыздарды тарбиялап өстүргөн, үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн аталары чакырылып, таланттуу мектеп окуучулары тарабынан концерттик программалар жана Бирлик айыл өкмөтү тарабынан “Ыраазычылык кат” менен бирге белектер тартууланды. Ошондой эле окуучулар арасында “Менин атам менин сыймыгым “ аттуу сүрөт конкурсу болуп өттү. Иш чара жогорку деңгээлде өттү. Бирлик айыл өкмөтү тарабынан 20000(жыйырма миң)сом акча каражаты бөлүндү.