жаңы-жыл

29.12.2025
2

 

Жаңы жыл майрамы Бирлик айыл өкмөтүндө өзгөчө шаңдуу жана жылуу маанайда өттү. Бул күнү айыл өкмөтү тарабынан атайын меймандар чакырылып, кең дасторкон жайылып, конокторго сый-урмат көрсөтүлдү. Майрамдык иш-чарада ынтымак, биримдик жана жакшы тилектер айтылып, жаңы жылды жакшылыктар менен тосуп алуу ниети баса белгиленди. Конокторго көрсөтүлгөн сый, жылуу кабыл алуу жана жагымдуу атмосфера майрамдын көркүн ачып, катышуучуларга унутулгус маанай тартууланды.Конокторго АДКлар Шайыр апалар,Аялдар Кеңеши чакырылып жакшы жумуш кылгандарга ыраазычылык каттар берилди.